ОшМУнун студенттери эл аралык олимпиадада мыкты 50 команданын катарына кирди

Main News

ОшМУнун студенттери эл аралык олимпиадада мыкты 50 команданын катарына кирди

Image

Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетинин студенттери Өзбекстанда өткөн «Medicine of the Future 2026» эл аралык олимпиадасында мыкты элүү команданын катарына кирди.

Олимпиадага дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн 500дөн ашуун катышуучу жана 100дөн ашык команда чогулду. Мелдештин жүрүшүндө студенттер медициналык билимин, клиникалык ой жүгүртүү жөндөмүн, практикалык көндүмдөрүн, команда менен иштөө чеберчилигин көрсөтүштү.

Ош мамлекеттик университетинин командасы жүздөн ашуун команданын ичинен мыкты 50 команданын катарына кирип, университеттин намысын коргоду. Эл аралык мелдешке катышуу студенттерге башка медициналык жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү менен тажрыйба алмашууга жана кесиптик байланыштарды чыңдоого да мүмкүнчүлүк түздү.

Студенттерди олимпиадага медициналык факультеттин госпиталдык хирургия кафедрасынын башчысы Талаай Сейитбеков жетектеп, даярдаган.

Photogallery