Үч өлкөнүн билим берүү реформалары талкууланды

Main News

Үч өлкөнүн билим берүү реформалары талкууланды

Image

4-ноябрда Ош мамлекеттик университети уюштурган онлайн жыйында Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү 12 жылдык билим берүүгө өтүү маселелерин талкуулашты.

Вебинарга аталган өлкөлөрдүн башталгыч билим берүү багыты боюнча адистерди даярдаган кафедраларынын окутуучулары катышты. Жыйында 12 жылдык окутууга өтүүдөгү өзгөрүүлөр, жаңы стандарттар, окуу китептеринин мазмуну, окутуунун максаттары жана башталгыч билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелери каралды.

ОшМУнун башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын окутуучулары жаңы системага өтүүгө байланыштуу жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Алардын айтымында, жаңы билим берүү моделинин талаптарына ылайык кафедрада окутулган методикалык сабактардын мазмунуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.

Ал эми өзбекстандык катышуучулар өлкөдөгү 12 жылдык билим берүү системасына өтүү тажрыйбасы, жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып беришти. Казакстандык өкүлдөр болсо билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөр, башталгыч мектептерде окутууну уюштуруу жана өз өлкөсүндөгү тажрыйбалар менен бөлүшүштү.

Онлайн жыйын Педагогика жана искусство институтунун башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын демилгеси менен уюштурулду.