Cooperation between UrFU and OshSU will be strengthened

Main News

Cooperation between UrFU and OshSU will be strengthened

Image

Орусияда иш сапарда жүргөн ОшМУнун делегациясы  Урал федералдык университетинде болуп, академиялык мобилдүүлүк жана биргелешкен  билим берүү программаларын түзүү багытындагы маселелерди талкуулашты.
«Биз Кыргызстандагы эң ири окуу жай менен кызматташууга даярбыз. Биргелешкен тармактык программаларды түзүү келечектүү деп эсептейбиз. Бул кызматташтык эки тараптын алдыңкы тажрыйбаларын колдонууга  мыкты мүмкүнчүлүктөрдү берет», - деди УрФУнун ректору Виктор Кокшаров.
УрФУ менен ОшМУнун кызматташтыгы 10 жылдан ашык убакыттан бери уланууда. ЖОЖдор энергетика багыты боюнча магистранттарды биргелешип окутууну жүргүзүп, илимий жана билим берүү тармагындагы долбоорлорду биргелешип аткарып келет. Эки тараптын жолугушуусунда адистиктер ортосунда биргелешкен билим берүү программаларын түзүү маселелери талкууланды.
 2023-жылы Бүткүл дүйнөлүк универсиада оюндарына УрФУ волонтерлорду тартуу иштерин алып барышат. Бул багытта да ОшМУ менен кызматташып, волонтерлорду жөнөтүү маселелери да колго алынары жолугушууда айтылды. 
 УрФУ Екатеринбургда жайгашкан жүз жылдык тарыхы бар алдыңкы университет.  Академиялык мобилдүүлүк боюнча дүйнөнүн 40 өлкөсүндөгү 162 университет менен кызматташат.