An awarding of certificates

Main News

An awarding of certificates

Image

Түштүк-Урал мамлекеттик университети менен ОшМУнун ортосунда ачылган “А.С. Пушкина атындагы орус тили борборунда” декабрь айында  “Мигранттардын балдарын окутуудагы заманбап практикалар” аттуу 72 сааттык кесипти жогорулатуу курсу уюштурулган. Аталган курска катышып, билимин жогорулаткан ОшМУнун 20 окутуучусына  күбөлүктөрдү тапшыруу аземи өттү.

 Күбүлөктөрдү эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев тапшырды. Борбордун жетекчисине борборду методикалык жактан колдоо максатында Орусия тарап жиберген орус тилин үйрөтүү боюнча окуу колдонмолору берилди. Борбор студенттерге орус тилин үйрөтүү боюнча иштерди жүргүзүп келет.

ОшМУ Орусиянын 60тан ашуун университеттери менен эки тараптуу кызматташуу келишимдерин түзүүгө жетишкен. Ректор К.Кожобековдун Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапарында төрт окуу жай, анын ичинде Санкт-Петербург мамлекеттик университети менен келишимдер түзүлгөн.  Ушул жылдын февраль айындагы иш сапарда   ректор жетектеген делегация  Челябинск жана Екатеринбург шаарларындагы жети окуу жайда болуп, кызматташуу алакаларын бекемдеп келишкен.

Фото галерея