Works Exhibition by students of OshSU in Andijan

Main News

Works Exhibition by students of OshSU in Andijan

Image

Өзбекстандын Андижан мамлекеттик университетинде ОшМУнун Искусство факультетинин "Сүрөт, чийүү жана эмгек" кафедрасынын окутуучулары жана студенттеринин сүрөт көргөзмөсү болду. "Жаз палитрасы" аталышындагы сүрөт көргөзмөгө студенттер менен окутуучулардын 50гө жакын  эмгектери коюлду. 
Көргөзмөнүн алкагында окутуучулар Абдували Марипов менен Мирлан Мамазаиров Андижан мамлекеттик университетинин искусскуство факультетинин студенттерине живопись жана сүрөт тартууда  боёктор менен туура иштөө боюнча мастер-класстарды өтүштү.
Сапардын алкагында алдыда тажрыйба алмашуу, кызматташуу, студенттерди, окутуучуларды алмашуу программалары боюнча сүйлөшүүлөр болду.
Сүрөт көргөзмөсүнө активдүү катышкандыгы үчүн студенттерге Андижан мамлекеттик университетинин ректорунун ыраазычылык баракчалары берилди.

Фото галерея