OshSU expanding cooperation

Main News

OshSU expanding cooperation

Image

Өзбекстан журналистика жана массалык коммуникациялар университети менен ОшМУнун жетекчилеринин ортосунда видео байланыш аркылуу жолугушуу болду.  Анда Өзбекстан журналистика жана массалык коммуникациялар университетинин инновациялар жана илимий иштер боюнча проректор Н. Муратова, эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы А. Насруллаев баштаган жетекчилер, ОшМУдан окуу иштери боюнча проректор З.Божонов, эл аралык байланыштар департаментинин директору А.Абдувалиев катышты. 

Эки окуу жайдын проректорлору университеттин ишмердүүлүгү, эл аралык байланыштары боюнча тааныштырып, анын ичинде журналистика адистигиндеги кызматташтыктар жөнүндө пикир алышты.

Жыйынга катышкан жетекчилер эки окуу жайдын ортосунда ишке ашуу алдында турган меморандумдагы кызматташтыктарды талкуулашты.

Соңунда тараптар март айынын аягында эки окуу жайдын ректорлорунун катышуусунда онлайн форматта меморандумга кол коюуну макулдашты.

Фото галерея