Discussions about the diversity of national cultures

Main News

Discussions about the diversity of national cultures

Image

ОшМУда  “Кыргызстан элдеринин улуттук каада-салты, ырым-жырымдары жана үрп-адаттары жаштардын талкуусунда” аттуу иш-чара болуп өттү.

 Кечеде ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору М. Шарипова, “Ажарлуу аялзат” коомдук бирикмесинин төрайымы  Б.Ташполотова,  Кыргызстан калкы Ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн төрагасынын орун басары Г. Пусурова, Ош  шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Ж.Жусупбеков катышты.

ОшМУнун эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Россия жана Евразия интеграция бөлүмүнүн аймак таануу программасынын 2-курсунун студенти Азамат Турушов “Жапон кереметтери”, “Ажарлуу аялзат” коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Калыскан Акматова “Кыргызстан элдеринин  улуттук каада-салты, ырым-жырымдары жана үрп-адаттары”,  ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин студенти Исхак Эгемназаров “Улуттук баалуулуктар менен дүйнө баалуулуктарынын кагылышуусу жана жаштардын орду” деген темаларда баяндама жасашты.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстан калкы Ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн  жана ОшМУнун  “япон”,  “корей”, “кытай” улуттук маданий борборлорунун  жарманкеси коюлуп, студенттердин концерттик программлары  тартууланды.

Талкуу Ош шаарында жашаган ар түрдүү этникалык топтордун маданиятынын ар түрдүүлүгүн көрсөтүү жана жаштардын башка этностук топтордун маданиятына карата толеранттуулугун жана урматтоосун калыптандыруу максатында уюштурулду.  

 

Фото галерея