Representatives of OshSU visited UrSU

Main News

Representatives of OshSU visited UrSU

Image

ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин деканы, г.и.д., профессор А. Низамиев жана экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын окутуучусу, г.-м.и.к. Р. Умаралиев  14-19-март күндөрү окутуучулардын мобилдүүүлүк программасы боюнча Ургенч мамлекеттик университетинде болуп келишти.

Анда А. Низамиев Ургенч мамлекеттик университетинин 4-курсунун студенттерине сааттык төлөмдүн  негизинде “Шаарлардын географиясы жана геоурбанистика” предмети, Р. Умаралиев магистрлерге “ГИС, дистанттык зондирлөө жана кырсыктардын тобокелчилигин башкаруу” предмети боюнча конок лекция өтүштү.

Иш сапардын алкагында университетин ректору Б. Абдуллаев жана эл аралык байланыштар боюнча проректору  Г.  Оразбаев  менен жолугушуп кызматташуулар боюнча пикир алышты, ошондой эле тарыхый Хива шаарын зыярат кылышты. 

Фото галерея