Photo exhibition

Main News

Photo exhibition

Image

Т.Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде Искусство факультетинин “Сүрөт, чийүү жана эмгек” кафедрасы “Эргүү” аталышындагы сүрөт көргөзмөгө катышууда. Көргөзмөгө графика, живопись жана декративдүү жанрларында тартылган 80ге жакын  эмгектер коюлду.

Буга чейин  “Сүрөт, чийүү жана эмгек” кафедрасынын студенттери жана окутуучулары  Өзбекстандын  Андижан мамлекеттик университетине барып, “Жаз палитрасы” аттуу сүрөт көргөзмөсүнө катышып келишкен.

“Сүрөт, чийүү жана эмгек” кафедрасы 1990-жылы Ош педагогикалык институтунун педагогика факультетинин алдында өзүнчө кафедра болуп уюштурулган.“Сүрөт, чийүү жана эмгек” кафедрасы орто мектептерге көркөм сүрөт жана чийүү мугалимин даярдайт.

 

Фото галерея