OshSU: StudEXPO-2022

Main News

OshSU: StudEXPO-2022

Image

ОшМУнун Математика жана информациялык технологиялар факультетинин “Колдонмо математика, информатика жана графикалык дизайн” кафедрасы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө арналган “компьютердик илимдер жана графикалык дизайн” аталышындагы “ StudEXPO-2022” жарманкесин  өткөрдү.
Жарманкеге Ош шаарындагы, алыскы жана жакынкы аймактардагы мектептерден миңге жакын окуучулар катышты. Иш чаранын жүрүшүндө окуучулар үчүн Рубик кубигин топтоо, текст терүү, графикалык дизайн боюнча жарыштар болду. 
Ошондой эле, графикалык дизайн,  колдонмо математика жана информатика адистигинин студенттери жасаган эмгектерин көргөзүп атайын калыстар тобу  жеңүүчүлөрдү аныктады. Жеңүүчү окуучулар жана студенттер смартфон, диплом, атайын медалдар менен сыйланышты.
Графикалык дизайн, колдонмо математика жана информатика адистиги студенттерге  сайт жасоо, робототехника, программалоонун бир нече түрү, математика жана информатиканы тереңдетип окутуу, сүрөт, видео монтаждоону, басма иштерин даярдоону,  шрифтер менен иштөөнү, веб-дизайн, моушн-дизайн, анимация жасоону, 2D жана 3D графиканы окутуп үйрөтөт.

Фото галерея