Planting seedlings on the territory of the dendrological park

Main News

Planting seedlings on the territory of the dendrological park

Image

13-апрел Бүткүл дүйнөлүк Жер күнүнө КР Президентинин “Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук” аттуу жарлыгынын алкагындагы “Жашыл мурас” улуттук компаниясына ылайык ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин дендрологиялык паркына 70 түп ак кайыңдын көчөттөрү тигилди. 
Иш-чараны “Орхус борбору” эл аралык уюму уюштурду. Ага  Жаратылыш ресурстары, экология жана техкөзөмөл министрлигинин Ош аймактык башкармалыгы, Ош шаарынын мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети, “Кыргыз-Ата” улуттук жаратылыш паркы, “Тазалык” МИ, ОшТУ, КӨУ, ОшМПУнун өкүлдөрү катышты. 
Бул экологиялык иш-чарага факультеттин окутуучулары жана студенттери активдүү катышып, көчөт тигүү менен катар эле Ак-Буура дарыясынын жээгин  2,5 кубдан ашык таштандыдан арылтышты.

Фото галерея