Proflyceum №12 was transferred to the jurisdiction of OshSU

Main News

Proflyceum №12 was transferred to the jurisdiction of OshSU

Image

Билим берүү жана илим министрлигинин чечими жана ОшМУнун макулдугу менен Ош шаарындагы №12 кесиптик лицей Ош мамлекеттик университетинин кармагына алынды. №12 кесиптик лицейин каржылоо өкмөт тарабынан жүргүзүлөт.
Орто кесиптик окуу жайы “Ош мамлекеттик университетинин №12 кесиптик лицейи” болуп 2022-жылдын 26-апрелинде Юстиция министрлигинен кайрадан каттоодон өттү. 
Учурда №12 кесиптик лицейинде 700гө жакын социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн балдары билим алат. Лицейде ширетүүчү, тигүүчү, жыгач уста, электромонтер, ашпозчу жана  чачтарач багыттары боюнча кенже адистер даярдалат. Ошол эле учурда жалпы билим берүү программалары да камтылган (9-12-класстар) .
Мындан  ары ОшМУ баштапкы кесиптик билим берүүнүн аймактык өнүгүү долбоорун ишке ашырат. Долбоорго дуалдык окуу формасын өнүктүрүү (окуу процесс жумуш орунда жүргүзүлөт), өндүрүш багыттарын ачуу, билим процессин жакшыртуу камтылат.

Фото галерея