Cooperation with the Turkish University of Medical Sciences

Main News

Cooperation with the Turkish University of Medical Sciences

Image

Кызматташуу меморандумуна ОшМУнун ректору  Кудайберди Кожобеков, Түркиянын Медицина илимдеринин университетинин ректору Джевдет Эрдол кол койду.
Меморандумда эки өлкөнүн жогорку окуу жайлары окутуучулaрды, изилдөөчүлөрдү, студенттерди aлмaшуу, биргелешкен билим берүү, илимий изилдөө долбоорлору, кыскa мөөнөттүү билим берүү, илимий прогрaммaлaрын ишке ашыруу, биргелешкен конференция, семинaр жaнa илимий отурумдaрды, конок лекцияларды уюштуруу сыяктуу бир топ маселелер камтылган. 
Түркиянын Медицина илимдеринин университети чет өлкөдө билим берүү кызматын көрсөтүүгө ыйгарым укук алган жалгыз мамлекеттик университет болуп саналат. Университеттин 5 институту, 19 факультети, 6 адистештирилген мектеби, 37 илимий изилдөө борборлору бар.

Фото галерея