Урматтуу Ош мамлекеттик университетинин кадрлар резервине профессордук-окутуучулук кызмат орундарын ээлөө үчүн катышуучу талапкерлер!
Кезектеги конкурстун I этабы (предметтик тест) 2023-жылдын 11-январь күнү саат 10:00 дө ОшМУнун башкы имаратында өткөрүлөт.
Предметтик тесттен 70 упайдан жогору балл алгандар үчүн педагогика-психология боюнча II этаптагы сынак 2023-жылдын 13-январь күнү саат 10:00 дө өткөрүлөт.
ОшМУнун сайтына (oshsu.kg) кирип, кафедралар жана тесттик суроолор боюнча маалымат алсаңыздар болот.
Эскертүү: Арыз 2022-жылдын 30-декабрь күнү саат 14:00гө чейин кабыл алынат!
Кадрлар бөлүмүнүн башчысы: Г. Турдубаева