ОшМУ менен Нархоз университетинин кызматташтыгы бекемделет

Main News

ОшМУ менен Нархоз университетинин кызматташтыгы бекемделет

Image

Эл аралык байланыштар департаменти Алматы шаарындагы Нархоз университети менен жолугушуу уюштурду. Жыйынга ОшМУдан эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев, бир нече факультеттердин декандары, академиялык мобилдүүлүк бөлүмүнөн адистери катышса,   Нархоз университетинен эл аралык өнүктүрүү жана өнөктөштүк башкармалыгынын башчысы  Жайнагүл Сагындыкова баштаган тиешелүү адистер  катышты.  
Тараптар студенттер арасында академиялык мобилдүүлүк, окутуучулардын иш сапарларын, конок, онлайн лекцияларды уюштуруу, кош дипломдуулук, биргелешкен билим берүү программаларын түзүү боюнча пикир алмашышты. Ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун,  Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөрдүн  тармактык университеттеринин алкагында кызматташуу, Эразмус+ программасынын чегинде эл аралык долбоорлорго өтүнмөлөрдү берүү сыяктуу маселелерге токтолушту.   
Баарлашууда директор Абдыганы Абдувалиев кесиптештерин университеттин жакынкы жаңылыктары, жетишкендиктери менен тааныштырды. Казакстандын 30га жакын жогорку окуу жайы менен келишимдер түзүлгөндүгүн белгиледи. ОшМУнун студенттери Нархоз университетиндеги IT технология, информатика, аймак таануу, экономика, юриспруденция багыттары боюнча окуп келүүгө кызыктар экендигин кошумчалады.  
Жолугушуунун жүрүшүндө Нархоз университетинен Жайнагүл Сагындыкова ОшМУнун окутуучулары менен студенттерин 12-22-апрель күндөрү онлайн форматта өтүүчү глобалдык жумалыкка катышууга чакырды.  
ОшМУ менен Нархоз университети 2015-жылы кызыматташуу келишимине кол койгон.

Фото галерея