Индустриалдык-педагогикалык колледжинде бута атуучу каана ачылды

Main News

Индустриалдык-педагогикалык колледжинде бута атуучу каана ачылды

Image

Индустриалдык-педагогикалык колледжинин социалдык иштер жана аскерге чейинки даярдоо циклынын окутуучусу, полковник Ашимжан Кебеков жана АЧД предметинин окутуучуларынын демилгеси менен бута атуучу каана (Тир) ачылды.

Иш-чарага ОшМУнун орто кесиптик билим берүү департаментинин директору, Чынгызбек Мамажакып уулу,  колледждин директору Олжобай Шаимкулов, колледждин жамааты катышты.

Аталган каана окутуучулар тарабынан студенттердин предметке болгон кызыгуусун күчөтүү максатында ачылган.  Бул  бута атуучу каанадан  окуутуучулар студенттерге  аскерге чейинки даярдоо предметин өтүүдө колдонушат.

 

 

Фото галерея