ОшМУда Кыргызстан элинин тарыхий жана маданий мурастарынын "Мурас" фондунун директору т.и.к., доцент Кыяс Молдокасымов баштаган КЭРдин Кытай коомдук илимдер академиясынын профессорлору Чу Дунмей, Ци Хуй Цзюнь, Фань Чжицянь, Сун Хаолор менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга окуу жайдын тышкы байланыштар боюнча проректору Курсант Аттокуров, тарыхчы окумуштуулар катышты.
Жыйында Байыркы Кытай архивдериндеги кыргыздар жөнүндөгү маалыматтарды изилдөө иштери боюнча сөз болду. Аталган маалыматтарды таап аны которууга салым кошуп келе жаткан окумуштууларга ыраазычылыктар айтылды. Мындан ары да Кыргызстандын тарыхы тууралуу жаңы маалыматтарды изилдөө иштерине көмөк көрсөтөрүн билдиришти.