Чет өлкөлүк студенттерге коопсуздук маселеси боюнча маалымат берилди

Main News

Чет өлкөлүк студенттерге коопсуздук маселеси боюнча маалымат берилди

Image

Кечээ, 14-январда Ош мамлекеттик университетинде билим алган чет өлкөлүк студенттерге маалымат берүү иш-чарасы уюштурулду. Ага эл аралык медицина жана медицина факультеттеринде билим алып жаткан 200дөн ашуун жаштар катышты.

Укук коргоо органдарынан келген өкүлдөр студенттер арасында мыйзамсыз миграцияны, укук бузуулар, экстремисттик аракеттерди, криминалдык иштерди алдын алуу боюнча маалыматтарды беришти. Атайын презентациялар жана видеороликтер көрсөтүлдү.

Иш-чара Ички иштер министрлигинин 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында өттү. 

Жыйын ОшМУнун эл аралык байланыштар департаменти жана коопсуздук кызматы тарабынан демилгеленген. Маалыматтар студенттерге англис тилине которулуп берилди.

 

Photogallery