ОшМУнун ректорунун 2025-2026-окуу жылына карата кайрылуусу

Main News

ОшМУнун ректорунун 2025-2026-окуу жылына карата кайрылуусу

Image

2025-2026-окуу жылына карата Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамына жана студенттерине ректордун кайрылуусу

Урматтуу агай-эжелер, ардактуу устаттар, кесиптештер жана сүйүктүү студенттер! Гимназия-лицейлердин жана мектепке чейинки билим берүү борборлорунун кымбаттуу окуучулары!

Сиздерди өлкөбүздүн Эгемендүүлүк майрамы жана ага удаа келген Билим күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Жаңы 2025–2026-окуу жылы ар бирибиз үчүн ийгиликке, жетишкендикке толгон, берекелүү жыл болсун!

Быйыл дүйнөлүк деңгээлге чыгууга бел байлаган университетибиз эл аралык абройлуу QS рейтингинде Азияда  260-орунду багындырып, Орто Азияда эң мыкты 13 университеттин катарына кошулду. QS Stars Эл аралык университеттер рейтингинде 4 жылдызга ээ болду. Бул жетишкендик жамаатыбыздын эмгегинин, өсүүгө болгон умтулуубуздун жыйынтыгы. Окуу жайыбыз күн сайын жаңыланып, 4-муундагы университетке айланууда.

ОшМУ Өзгөчө макам алгандан тартып университеттин   окуу процесси агымдык мамиле менен кредиттик технологиянын принциптерине ылайык уюштурулду. Студент менен келишим 1 кредиттин баасына карата түзүлдү. Студенттин окуусу анын семестрге катталуусу, окуу дисциплиналарга жазылуусу менен тандаган жекече окуу планына ылайык жүргүзүлдү. Аны сиздер жаңы окуу жылында толук сезесиздер деп ишенем.

Сөзүбүздү жаңылыктардан баштасак, Министрлер кабинетинин төрагасынын тапшырмасына ылайык 2025-жылдын 5-июнунда Ош шаарындагы Ош курулуш колледжи жана Ош айыл чарба колледжи ОшМУнун карамагына алынды.  Ошондой эле Ош шаарында 140 орунга ылайыкташкан ОшМУнун  “Ыйман” балдар бакчасы ачылып, пайдаланууга берилди.

Сиздер билгендей өлкөдө алгачкылардан болуп ОшМУ электрондук окууга, санариптик тейлөөгө өткөн. Абитуриент окууга тапшыргандан тартып, диплом алганга чейинки кыймыл-аракеттер санариптештирилди. Университеттин програмисттери тарабынан иштелип чыккан “My edu” платформасы окуу процессин толук түрдө санариптештирип, ийкемдүү, ыңгайлуу тиркемеге айланды. Бул окуу жайдын чоң ийгилиги деп эсептейбиз.

Жыл ичинде 30дан ашуун эки тараптуу кызматташуу келишимдерине, 20дан ашуун кош дипломдуулук боюнча программаларга кол коюлду.     Учурда 22 адистик боюнча кош дипломдуулук программалары ишке ашууда. Аталган программалар боюнча 12 магистрант окуусун ийгиликтүү аяктап, кош дипломго ээ болушту.

Өндүрүштүк университетке айланууга чоң кадамдар ташталууда. Учурда окуу жайда Кытайдын Jiangsu Huibo Robotics компаниясы менен биргеликте ачылган  «Келечек муундун ХАБы»  робототехника борбору иштеп баштады. Ветеринардык клиника ветеринардык кызматтардын бардык түрлөрүн камтууда. Токио медициналык университети менен ОшМУ  абанын булганышын изилдөө долбоорун ишке ашырууда.

2025-жылы ОшМУнун медициналык клиникасында бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды. Университеттин медициналык клиникасы учурда Кыргызстанда сейрек кездешүүчү медициналык жабдуулар менен жабдылган. Операциядардын бардык түрү жасалууда. Ош шаарынын эски ооруканасынын ордуна заманбап окуу жайдын 7 кабаттуу медициналык клиникасынын курулушу кызуу жүрүүдө.

Спорт жаатында студенттер үчүн 30дан ашуун спорттук секциялар иштеп, кесипкөй волейбол, кичи футбол, футбол командалары түзүлүп, өлкө чемпиондугун коргоп келишүүдө. Кесипкөй “ОшМУ” футбол клубу өлкөдөгү жогорку окуу жайынан түзүлгөн жалгыз клуб экенин баса белгилегим келет. Дагы бир жагымдуу жаңылык, Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы тарабынан  окуу жайга 7 га жер тилкеси бөлүнүп берилди. Алдыда заманбап футбол аянтчасы, спорт комплекси куруу пландалууда. Университет бир гана билим бербестен, өлкөдөгү спорттун өнүгүшүнө зор салым кошуп жатат десем жаңылышпаймын.

Акыркы жылдары ОшМУда 30дан ашуун окуу корпустары, жатаканалар, башка имараттар оңдолду. Мындай курулуштар окуу жайдын гана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтпестен, Ош шаарынын архитектуралык облигине жаңыча көрк кошууда.

Студенттерибизге стимул берүү максатында ар жыл сайын тандалып алынган эң мыкты студенттерге Президенттик стипендия, ар жылы 10 студент  1200$ өлчөмүндө “Атуулдук стипендия” жана Окумуштуулар кеңешинин стипендиясын алышат. Албетте, бул ийгиликтеп сиздердин чоң турмуш жолундагы алгачкы ийгилигиңиздер болуп кала берет.

Кымбаттуу студенттер! Сиздер – ОшМУнун жүрөгү, келечегисиңер. Билимге болгон умтулууңар токтобосун. Студенттерибиз дүйнөлүк университеттерде академиялык мобилдүүлүк программалары аркылуу билим алып, тажрыйба топтоп жатышат. Бул мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги жаңы окуу жайдын кадамын аттап жаткан Сиздер үчүн ачык.

Ардактуу кесиптештер! Биздин бийик максатыбыз – билим сапатын арттырып, дүйнөлүк стандарттагы 4-муундагы университетке айлануу. Алдыда дагы чоң мүмкүнчүлүктөр турат. Коюлган максаттарга жетүү үчүн бирдиктүү аракет, тынымсыз изденүү жана жаңыланууга даяр болуу бүгүнкү күндүн негизги талабы.

Ар бириңиздерге үй-бүлөлүк ырыскы-бакыт, бекем ден соолук, жамаатыбызда ынтымак-ырашкерлик каалайм.

 

Сиздерди терең урматтоо менен,

ОшМУнун ректору, профессор                               Кудайберди Кожобеков