ОшМУда жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу боюнча санарип платформа иштелип чыкты 

Main News

ОшМУда жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу боюнча санарип платформа иштелип чыкты 

Image

 

Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медициналык факультетинин PhD программасынын алкагында кардиолог Исабек Гуламов тарабынан «My Care» аттуу инновациялык санарип платформа иштелип чыгып, ийгиликтүү апробациядан өттү. Система жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу жана бейтаптарды көзөмөлдөөнү жеңилдетүү максатында түзүлгөн.

Telegram-бот жана мобилдик интерфейс түрүндө иштелип чыккан платформа төмөнкү функцияларды камтыйт:
- артериялык басым жана маанилүү көрсөткүчтөрдү каттоо;
- дары ичүү эскертмелери;
- жекече сунуштарды берүү;
- дарыгер менен онлайн байланыш түзүү мүмкүнчүлүгү.

Диссертациялык изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча «My Care» платформасын колдонуу дарыланууга болгон туруктуулукту жогорулатып, ооруканага кайрылуу учурларын азайтары аныкталган. Ошондой эле өнөкөт жүрөк-кан тамыр оорулары бар бейтаптарда татаалдашууларды эрте аныктоого өбөлгө түзөт. Бул санариптик чечим программист Дмитрий Зюзин менен тыгыз кызматташтыкта иштелип чыккан. Ал Кыргызстандагы жүрөк-кан тамыр ооруларынын медициналык-социалдык аспектилерин изилдөөгө багытталган көп жылдык илимий ишмердүүлүктүн жыйынтыгы.

«My Care» платформасы быйыл 16-июнда Кыргызпатенке (№1012 күбөлүк менен) расмий катталган. Алдыда системаны кеңейтүү, мамлекеттик деңгээлде колдонуу жана бейтаптар арасында жайылтуу пландалууда. Бул иш ОшМУнун регионалдык медициналык мекемелер жана Саламаттык сактоо министрлиги менен болгон кызматташуунун алкагында жүзөгө ашат.

Photogallery