22-28-сентябрда Бишкекте «Стартап-Улут» хакатонунун бешинчи юбилейлик иш-чарасы — Startup Nation WEEK Hackathon өтөт. Бул жолу иш-чара жаңы форматта уюштурулуп, катышуучуларга жасалма интеллект (AI) технологияларын салттуу бизнес-процесстерге интеграциялоо мүмкүнчүлүгү сунушталат.
Катышуучуларды эмне күтөт?
· Эң көп колдонулган AI куралдарын үйрөнүү (ChatGPT, Midjourney, Notion AI ж.б.);
· Өз идеяларынан MVP түзүү;
· AIди бизнеске жана окуу долбоорлоруна колдонуу;
· АУЦАда Demo Dayге чыгып, сыйлыктарды утуп алууга жана Silicon Valley’ге жолдомо алууга мүмкүнчүлүтөрү
15тен ашуун эл аралык жана жергиликтүү менторлор болот.
Каттоо 15-сентябрда аяктайт. Катышуу үчүн ОшМУнун Бизнес паркына кайрылыңыздар. (Тел: 0503440705)
Бул хакатон — IT жана AI чөйрөсүндө өзүн сынап көрүүнү каалаган жаштар жана стартаптар үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Катышып, идеяларыңызды ишке ашырууга жана эл аралык деңгээлге чыгууга жол ачыңыз!