Бүгүн, 10-сентябрда Ош мамлекеттик университетине (ОшМУ) Германиянын Гамбург прикладдык илимдер университетинен делегация келди. Делегациянын курамында профессорлор Марина Тропманн-Фрик, Мартин Шульц жана Михаэль Гилле бар.
Алар ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугушуп, эки университеттин кызматташтыгын тереңдетүү багытындагы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты. Мындан сырткары ОшМУдагы GreenKG долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилет. Ал эми долбоордун координатору Абдыганы Абдувалиев, Санариптик трансформациялоо жана электрондук билим берүү боюнча проректор Уларбек Молдояров, Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун директору Бектур Азимов сөз презентация жасашат.
Күндүн экинчи бөлүгүндө делегация университеттин институт, факультеттеринде, медициналык клиникасында, "Келечек муундун ХАБы" борборунда болуп, санариптештирүү, жашылдандыруу багытында жасалып жаткан иштер менен таанышат.
2024-жылы июль айында прикладдык информатика жана маалыматтык коопсуздук кафедрасынын доценти Абдыганы Абдувалиев жетектеген делегация Германиянын Гамбург прикладдык илимдер университетинде өткөн окутууга катышып келген. Анда алар аталган университеттин күндөн жана шамалдан электр энергиясын алууда жасалып жаткан иштерине күбө болушкан. Делегация ОшМУда күн панелдерин окуу имараттарынын чатырларына орнотуу иштери кандай жүрүп жаткандыгы боюнча да маалыматтарды беришкен.
GREEN.KG долбоору экология, санарип, социалдык жана экономикалык демилгелерди иштеп чыгууга багытталган. Ага Европанын эки окуу жайы менен катар Кыргызстандын он университети, анын ичинде ОшМУ тартылган.
Долбоорунун алкагында университеттин Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунда «Санариптик инновациялар борбору», Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунда «Эко-инновациялар борбору» иш алып барат.