Алымбек датканын мааракеси: "Мыкты боз үй" аталышындагы сынакта ОшМУкызыктыруучу сыйлыкка ээ болду

Main News

Алымбек датканын мааракеси: "Мыкты боз үй" аталышындагы сынакта ОшМУкызыктыруучу сыйлыкка ээ болду

Image

11-12-сентябрь күндөрү Алай районунун Калама жайлоосунда өткөн мамлекеттик жана саясий ишмер Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине Ош мамлекеттик университети активдүү катышты. 

Чыгармачыл студенттер, окутуучулар тарабынан улуттук буюмдардын жана кол өнөрчүлүк иштеринин көргөзмөсү тартууланды. Окуу жайдын жамааты Ош облустук администрациясы менен биргеликте “Кыргызстандын тарыхында Алымбек датканын мамлекеттүүлүктү түптөөдөгү орду жана ролу” деген аталыштагы салтанаттуу жыйын уюштурду. Ал эми "Мыкты боз үй" аталышындагы сынакта окуу жай кызыктыруучу сыйлыкка ээ болду.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков төкмө акындардын эл аралык айтышында биринчи орунду жеңип алган окуу жайдын сыймыктуу бүтүрүүчүсү Изат Айдаркулованы жана кызыктыруучу сыйлыкка ээ болгон Нурсултан Абдыкеримовду куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалады.  

Алымбек датканын 225 жылдык мааракесинде 300гө жакын боз үй тигилип, майрамдык маанай тартууланды. Улуттук спорт оюндары, акындар айтышы, шырдак жарманкеси жана оюн-зоок кечелери иш-чараны көрккө бөлөдү.


 

Photogallery