ОшМУ «Ибн Сино» коомдук фонду менен кызматташат

Main News

ОшМУ «Ибн Сино» коомдук фонду менен кызматташат

Image

ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттокуров, Медицина факультетинин  доценти Фазлиддин Муйдинов 12-сентябрда Ташкент шаарында өткөн окумуштуу Абу Али ибн Синанын туулган күнүнүн 1045 жылдыгына жана Фармацевтикалык коопсуздук борборунун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарага катышты.

Анда окумуштуунун илимий мурасы жана “Медицина илиминдеги мыйзамдардын” заманбап медицинадагы мааниси, фармацевтика тармагындагы актуалдуу маселелер, салттуу медицинанын илимий негиздери, дүйнөлүк фармацевтикадагы заманбап тенденциялар жана эл аралык кызматташтыктын келечеги талкууланды.“Фармацевтикалык продукциянын коопсуздугу борбору” мамлекеттик мекемеси бир катар уюмдар менен кызматташуу боюнча документтерге кол коюшту.

Ал эми «Ибн Сино» коомдук фонду ОшМУ менен кызматташуу боюнча меморандумдарга кол койду. Жыйындын алкагында өткөн лекциялар жана талкуулар илимий чөйрөгө гана эмес, жаш илимпоздорго да салттуу медицина жана заманбап фармацевтика жаатында билимдерин, көндүмдөрүн кеңейтүүгө арналды.

Конференцияга АКШ, Орусия, Кытай, Түркия, Польша, Швейцария, Индия, Сингапур, Түштүк Корея, Индонезия, Иордания, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандан 300дөн ашуун окумуштуулар, эл аралык эксперттер катышты. Иш-чараны Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги, «Ибн Сина» коомдук фонду жана Фармацевтикалык коопсуздук борбору биргеликте уюштурган. 



 

Photogallery