Kyrgyz-Chinese Humanitarian Exchange Center opened in Beijing

Main News

Kyrgyz-Chinese Humanitarian Exchange Center opened in Beijing

Image

 On October 14, the opening ceremony of the "Kyrgyz-Chinese Center for Humanitarian Exchange" between Osh State University and the Central University of Nationalities in Beijing was held online.

Салтанатка Кыргызстандын Кытайдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Канайым Бактыгулова, Пекиндеги Борбордук улуттар университетинин ректору Го Гуаншен мырза жана эки окуу жайдын жамааты катышты.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Борбордук улуттар университетинин негизделгенинин 70 жылдыгы менен куттуктап,  окуу жайдын өзгөчө Кытайдагы аз сандуу улуттардын агартуу тармагына кошуп келе жаткан салымы чоң экендигин белгиледи.

“Кыргыз-кытай гуманитардык алмашуу борборун” түзүү чечимине эки окуу жайдын ректорлору 2019 –жылдын декабрь айында Пекинде кол коюшкан. Борбордун максаты эки мамлекеттин ортосунда достук, ырашкерлик мамиленин өнүгүшүнө салым кошуу болуп саналат.

Жыйындын жүрүшүндө ректорлор студенттер ортосундагы академиялык мобилдүүлүк программасы, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, эки окуу жайдын илимпоздору биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, эки элдин классикалык чыгармаларын которуу долбоорлорун камтыган кызматташуу келишимине да кол коюшту.

Учурда ОшМУ 30дан ашуун өлкөдөгү 296 жогорку окуу жай менен эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюп, иштеп келе жатат. 

ОшМУ акыркы 5 жыл аралыгында Эл аралык көз карандысыз  аккредитация уюмунун тандоосу менен Борбор Азиянын мыкты делген 5 жогорку окуу жайдын катарында.

Фото галерея