Бүгүн, 8-июнда Ош мамлекеттик университетинде «Expo жаштар стартаптары – 2026» сынагында өлкө чемпиону болгон ENACTUS командасын салтанаттуу тосуп алуу жана сыйлоо аземи өттү.
Иш-чарада алгач команданын ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери тууралуу видеоролик көрсөтүлдү. Андан соң, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков команданын ийгилиги менен куттуктап, ар бир мүчөсүнө ОшМУнун төш белгисин такты. Ошондой эле жеке эсебинен командага сыйлык катары акча каражатын тапшырды.
Салтанаттын жүрүшүндө, ОшМУнун Enactus командасын түптөлгөндөн бери жетектеп келе жаткан академиялык эдвайзери Эрлан Камалов студенттердин демилгелүүлүгүн, чыгармачылыгын жана командалык ишмердүүлүгүн жогору баалады.
Иш-чаранын соңунда ENACTUS командасынын капитаны көрсөтүлгөн колдоо үчүн университеттин жетекчилигине, окутуучуларга жана студенттерге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле команданын жетишкендиги жалпы университет жамаатынын биргелешкен эмгегинин жыйынтыгы экенин белгилеп, мындан ары да жаңы ийгиликтерди багындырууга аракет кыларын айтты.
Эми команда ушул жылдын 16–19-ноябрь күндөрү Бразилиянын Сан-Паулу шаарында өтө турган Enactus World Cup 2026 дүйнөлүк кубогунда өлкөбүздүн намысын коргойт. Дүйнөнүн 35тен ашуун өлкөсүнөн келген командалар катышкан бул абройлуу мелдеш жаштар ишкердиги, инновация жана туруктуу өнүгүү жаатындагы эң ири эл аралык аянтча болуп саналат.