A Cooperation with "Uluu-Too" Public Association

Main News

A Cooperation with "Uluu-Too" Public Association

Image

Ош мамлекеттик университетинин чыгыш таануу жана тарых факультетинде өлкө башчысынын "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы" жөнүндө жарлыгына ылайык  “Улуу тоолор арасындагы (Мургап) Сары-Кол кыргыздары” аттуу этно-маданий көргөзмөсү уюштурулду.

Иш-чарага ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова, окуу жайдын кесиптик бирлик комитетинин төрагасы  Абсамат Саттаров, Сары-Кол кыргыздарынын “Улуу-Тоо” коомдук бирикмесинин төрагасы Өскөнбай Бердибаев, коноктор, окуу жайдын жамааты, студенттер катышты.

Этно-маданий көргөзмөнүн алкагында Сары-Кол кыргыздарынын “Улуу-Тоо” коомдук бирикмеси менен Чыгыш таануу жана тарых факультетинин ортосунда эки тараптуу кызматташуу максатында меморандумга кол коюлду.

Меморандумдун алкагында университеттин тарыхчылары Тажикистандын Сары-Кол аймагында жашаган кыргыздардын тарыхын, каада-салттарын изилдөөсү, этнографиялык материалдарды чогултуу максатында илимий экспедицияларды, практикаларды уюштуруу маселелери белгиленди.

Фото галерея