120th anniversary of Jusup Abdrakhmanov

Main News

120th anniversary of Jusup Abdrakhmanov

Image

 

Кыргыз элинин көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук жана саясий ишмери, Кыргыз АССР Эл комиссарлар Кеңешинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдык мааракесине арналган “Жусуп Абдрахманов – кыргыз элинин чыгаан мамлекеттик ишмери” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция университетте өткөрүлдү.

Илимий-практикалык конференция кадимки жана онлайн режиминде уюштурурлуп, ага ректор Кудайберди Кожоебеков,Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинен, Ысы-Көл мамлкеттик университетинен, Кантөрө Токтомаматов  атындагы эл аралык универсиетинен атайын өкүлдөр, окутуучулар, студенттер катышты.

Конференцияда Жусуп Абдырахмановдун улут үчүн жасаган ишмердүүлүгү, басып өткөн жолу жөнүндө баяндамалар окулуп, азыркы өсүп келе жаткан  жаштар үлгү алыш керектиги баса белгиленди.

Жусуп Абдрахманов Кыргыз мамлекетин түптөгөндөрдүн башында болуп, аны түзүлүшүнө жана калыптанышына негиз салган. Ал 1927-жылдын 12-мартында 26 жашында Кыргыз АССРинин эл комиссарлар Советинин председатели болуп дайындалган. Республиканын өкмөтүнүн башында турган кезинде өзгөчө тайманбас, борбордун көзүн карабаган саясат жүргүзгөн.

Кыргыз тилинин ролун жогорулатуу, улуттук кадрларды даярдоо жана кызматка коюу, өлкөнү индустриализациялоодо Жусуп Абдрахмановдун салымы чоң болгон. Мамлекеттик жана саясий ишмер катары ал элдин кызыкчылыгын биринчи орунга койгон жана бул максатка жетиш үчүн бардык энергиясын, акылын, күчүн, уюштуруучулук талантын, ал эмес өз өмүрүн дагы аяган эмес.

Фото галерея