An Open Lecture for future diplomats

Main News

An Open Lecture for future diplomats

Image

Окуу жайдын Чыгыш таануу жана тарых факультетинде жайгашкан  "Достук, бири-бирин түшүнүү жана толеранттуулук" борборунда  24-октябрь Кыргыз дипломатиялык кызматкерлердин кесиптик күнүнө карата "Дипломатиялык протокол жана этикет" аттуу лекциялык ачык сабак өткөрүлдү . 
Студенттерге дипломатиянын биздин жашообузда канчалык мааниси бар экендиги, келип чыгуу тарыхы, бүгүнкү күндөгү ролу тууралуу пайдалуу маалыматтар берилди. Ошондой эле, Чыгыш таануу илимий изилдөө институнун директору, доцент Ринат Гимазидинов жана Чыгыш таануу кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты Жолдошбек Бөтөнөев баяндамаларды  жасашты. 
Студенттер болсо теориялык алган билимдерин практикалык түрдө бышыктоо максатында "Кыргыз-Корей жана Кыргыз-Араб өлкөлөрүнүн ортосундагы билим берүү тармагын өнүктүрүү" деген темада дипломатияга байланышкан сахналык көрүнүш тартуулашты.
"Достук, бири-бирин түшүнүү жана толеранттуулук" борбору заманбап жабдуулар менен жабдылып, виртуалдык жана реалдуу мейкиндиктерди айкалыштыруу аркылуу маданият аралык диалогдун көпүрөлөрүн  түзүүчү, заманбап чыгармачыл билим берүү чөйрөсү .

Фото галерея