"An hour with a leader"

Main News

"An hour with a leader"

Image

ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппараты тарабынан 25-ноябрда  "Жетекчи менен бир саат"  долбоорунун кезектеги иш-чарасы уюштурулду. Кеченин коногу окуу жайдын студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору, физика-математика илимдеринин кандидаты Жылдыз Артыкова  “Студенттин жүрүм-туруму” темасында баарлашты.

“Долбоордун негизги максаты ар бир айда студенттер менен ректоратта, деканатта иштеген агай эжекелердин ортосунда баарлашуу уюштуруу болуп саналат. Мында студенттер конок болуп келген сыймыктуу агай-эжекелердин  ийгиликтерин угуп, суроолоруна жооп алышат. Бүгүнкү жолугушууда да студенттер адептүү, билимдүү, эмгекчил болууга, убакытты туура пайдаланууга жана келечекке туура максат коюга мотивациялык кеңештерди алышты”,-деди ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппаратынын төрагасы Бекжан Жумабаев.

Бул долбоорго коноктор жалпы студенттердин сунушу боюнча келет.

Фото галерея