A meeting with Indian diplomats

Main News

A meeting with Indian diplomats

Image

ОшМУнун ректору К. Кожобеков Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин 2-катчылары  Р. Кумар жана Н. Понноппан  менен жолугушуп, билим берүү, илим жана маданият маселелери багытында пикир  алышты. IT, медицина тармактары боюнча Индиянын эл аралык долбоорлоруна кызматташтык сунушу айтылды.

Ушул жылдын 17-18-июнь күндөрү Ош шаарында белгилөө алдында турган эл аралык йога күнүн ОшМУ менен биргеликте уюштурууну сүйлөшүштү.

Жолугушуунун алкагында коноктор Индиядан келип ОшМУда билим алып жаткан студенттердин ден соолугун кароого, билим алууга түзүлгөн шарттары менен таанышты. Студенттер менен жолугуп пикир алышты.


Учурда ОшМУда 3000 ден ашуун индиялык студенттер эл аралык медицина факультетинде билим алышат. Аларга жергиликтүү студенттер сыяктуу билим алууга бардык шарттар түзүлгөн. 1-курска келген студенттер окуу жайдын медициналык клиникасынан акысыз короодон өтүшөт.

Фото галерея