“ОшМУнун cтимул берүүчү ички гранттары-2022” конкурсу жарыяланды

Main News

“ОшМУнун cтимул берүүчү ички гранттары-2022” конкурсу жарыяланды

Image

Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан сунушталган илимдин артыкчылыктуу багыттары (1-тиркеме), Кыргыз Республикасынын Президентинин «2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгынын алкагында жана Ош шаарын, Ош облусун өнүктүрүүгө багытталган прикладдык илимий техникалык тапшырмалар (2-3-тиркемелер) боюнча фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөр үчүн “Ош мамлекеттик университетинин cтимул берүүчү ички гранттары-2022” конкурсу жарыяланат.

Конкурс эки этапта өткөрүлөт:

1-этап кафедралык: 15-апрелден  15-майга чейин;

2-этап университеттик: 16-майдан 28-майга чейин;

ИТК тарабынан экспертизалоо:  30-майдан11-июнга чейин.

Конкурстун жыйынтыгы 14-июнда жарыяланат.

Конкурстун талаптары жана долбоордун документтери Ош мамлекеттик университетинин cтимул берүүчү гранттары аркылуу долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө Жобосунда берилген.

Конкурска катышуучу долбоорлордун өтүнмөлөрү (заявка) университеттик 2-этапта электрондук варианты science@oshsu.kg дарегине жөнөтүлүп, Ош шаарынын Ленин көчөсү 331 дарегиндеги ОшМУнун башкы корпусунда  илим-изилдөө  бөлүмүнө (105-кабинет) тапшырылат.

Маалымат үчүн 03222 7-08-28 телефонуна кайрылсаңыздар болот.

ОшМУ 2021-жылы Өлкөдөгү ата-мекендик окуу жайлардын ичинен алгачкылардан болуп ОшМУда стимулдаштыруучу  гранттары аркылуу илимий долбоорлорду тандоо жана каржылоо боюнча атайын 5 282 903 сом каражат бөлгөн. Конкурска университеттин илимий кызматкерлери жана аспиранттары (бүтүрүүчү курста) катышып, жалпысынан 19 илимий долбоор тапшырылган. Анын ичинен 12 илимий долбоорго грант берилген. Ал эми быйыл илимий долбоорлорду тандоо жана каржылоо үчүн 12 млн сом каражат каралган.

 

 Кошумча маалыматтар тиркелет.

Тиркемелер:

Тиркеме 1.    КРдин Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан сунушталган илимдин приоритеттүү багыттары

https://www.oshsu.https://www.oshsu.kg/storage/uploads/files/21650009933tirkeme_1.pdf

Ош мамлекеттик университетинин cтимул берүүчү гранттары аркылуу долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө ЖОБОСУ:

https://www.oshsu.kg/storage/uploads/files/2165000993224169_Polozhenie_o_NIRgrant_—_okon_9_04_22_(1).pdf

Арыздын үлгүсү:

https://www.oshsu.kg/storage/uploads/files/21650078853OshGU_NIR(grant)_2022__prilozheniya_Aryzdyn_ulgusu.doc