A memorandum of cooperation was signed

Main News

A memorandum of cooperation was signed

Image

ОшМУнун математика жана информацилык технологиялар  факультетинин автоматташтырылган системалар жана санариптик технологиялар кафедрасынын программалык инженерия адистигинин өнөктөштөрү менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу аземин өткөрдү.

Иш-чарага ОшМУнун сырттан жана дистанттык билим берүү боюнча проректору Т.  Жумабаева, МИТФнын деканы У. Сопуев, кафедранын жамааты, Ош шаарындагы IT компаниялардын, мекеме-ишканалардын, уюмдардын жетекчилери жана программалык инженерия адистигинин студенттери катышты. Иш чаранын алкагында келген өнөктөштөр тарабынан программалык инженерия адистигинин заман талабына ылайык адистик экени белгиленип,  бир катар сунуштар айтылып, студенттерге мотивация берилди.

Математика жана информациялык технологиялар факультети Ош шаарындагы “IT PARK” академиясы, “КАРПОУнун” IT академиясы, “American Dream” окуу борбору, “АРИС” уюму, “Biruni IT” мектеби, “Гений” окуу борбору, “Банзай” окуу борбору,  “Арсенал ” маалымат-техникалык тейлөө борбору, “IT Адис” жоопкерчилиги чектелген коому сыяктуу мекеме-ишканалардын жетекчилери менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Фото галерея