Research training

Main News

Research training

Image

Илим жумалыгынын алкагында илимий-изилдөө бөлүмү тарабынан 2022-жылдын 20-22-27-29-апрель күндөрү факультеттер жайгашкан аймактарда (4 зонада)  “Илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү компетенциялары” аттуу семинар-тренинг өткөрүлдү. 
Семинар-тренингдин биринчи бөлүгүндө илимий-изилдөө бөлүмүнүн жетекчөөчү илимий кызматкери Медербек Кадыров катышуучуларга SCOPUS жана Web Of Science базалары  тууралуу маалымат берип, тиешелүү багыттагы илимий журналдарды издөө, аларга макала жиберүү жана басылып чыккан макалаларды  талаптарга ылайык текшерип алуу боюнча кеңири түшүндүрүп берди.
Экинчи бөлүгүндө жаш окумуштуулар кеңешинин мүчөсү Айнура Сапарбаева долбоор жазуунун кадамдары (талаптары), долбоордун отчетторун тапшыруунун критерийлери (Питчинг презентациясы, Демо-день долбоорду коргоосу) боюнча ар тараптуу маалыматары менен бөлүштү.
Семинар-тренингге  ар бир факультеттен экиден окутуучу жана илимий иштер боюнча декандын орун басарлары катышып, жыйынтыгында  сертификаттар ыйгарылды.
Семинар-тренингди өткөрүүнүн максаты университеттин окутуучуларына илимий-ишмердүүлүк жүргүзүүдө жалпы талаптардын, университеттин талаптарын аткарылышын түшүндүрүү менен багыттоо иштерин жүргүзүү.

Фото галерея