National forum "Kuttuu el" was held in Osh

Main News

National forum "Kuttuu el" was held in Osh

Image

Ош шаарында 2 күнгө созулган “Куттуу эл” биринчи улуттук форуму өттү. КР Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” Жарлыгынын алкагында өтүп жаткан “Куттуу эл” биринчи улуттук форумуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, белгилүү окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын ректорлору, ар кайсы тармактын эксперттери, саясатчылар, ишкерлер, активдүү жаштар жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

“Куттуу эл” биринчи улуттук форумунда сөз сүйлөгөн ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков  учурда мамлекет тарабынан билим берүү, илим изилдөө, санариптештирүүгө көрүлүп жаткан алгылыктуу иш аракеттер боюнча айтып, форумдун ишине ийгилик каалады.

Иш-чаранын алкагында мамлекеттик тил, ысырапкорчулук, улуттук адептүүлүк, этностор аралык ынтымак маселелеринде баяндамалар жасалып, талкууланды.Соңунда “Куттуу эл” биринчи улуттук форумунун “Ош резолюциясы” кабыл алынды.

Улуттук форум  кыргыз элинин нарк-насилин кийинки муунга жеткирүү, жаштарды патриоттуулукка үндөө, өнүккөн заманга улуттук баалуулуктарды, салт-санааны сактоо менен кадам таштоо максатында уюштурулду.

Photogallery