Support for a graduate of OshSU

Main News

Support for a graduate of OshSU

Image

Ош мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү Мээрим Болушева  "Билим" лицейинин 11-классынын бир окуучусунун 1 жылдык окуу акысын жана жатаканасын каржылап берди.

Мээрим Болушева университеттин юридика факультетин 2001-жылы артыкчылык менен аяктаган. Учурда Канадада виза алуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү "D4Immigration" компаниясынын жетекчиси.

Сыймыктуу бүтүрүүчү бул сыяктуу көмөк  иш-аракеттерин  мындан ары да улантып, окуу жай менен тыгыз кызматташып, көмөктөшүүнү убада кылды.

ОшМУнун бүтүрүүчүлөрү Кыргызстан ичинде гана эмгектенип чектелбестен, чет өлкөгө чыгып, тажрыйба арттырып өзүнүн жеке компанияларын ачып, ийгиликке жеткендер арбын.

Photogallery