Студенттер аскердик полигонунда болушту

Main News

Студенттер аскердик полигонунда болушту

Image

2022-жылдын 26-майында Коргоо министрлигинин окуу-талаа полигонунда ОшМУнун медицина факультетинин 3 -курсунун студенттерине "Аскердик-медициналык даярдоо" предмети боюнча практикалык сабактар өткөрүлдү.

Студенттер талаа шартында медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу, полктун медициналык пунктунун жабдылышы, иштоо принциптери,  өзгөчө кырдаалдар шартында тапшырмалардын аткарылышы тууралуу кеңири маалыматтарды алышты.

Бул иш чара 24-26 май күндөрү өткөрүлгөн  командалык-штабдык машыгуунун алкагында уюштурулду. Практикалык сабактын жыйынтыгы студенттердин предметке болгон кызыгуусун арттырып, патриоттуулук сезимдеринин өсүшүнө зор өбөлгө түздү. Соңунда студенттер талаа ашканасына барышып, солдаттык боткодон даам сызышып, адистер менен аңгемелешүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Ага улай эле 28-майда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата медицина факультетинин экстремалдык медицина жана өмүр коопсуздугу кафедрасында эмгектенген офицерлерди факультеттин деканы Исматилла Ыдырысов  факультеттин кесиптик кошуунун төрагасы Насыр Манасов куттукташты. Кызматкерлерге ардак грамоталар жана белектер тапшырылды.

Photogallery