Sports tournament devoted to the memory of Professor Pirmat Kupuev

Main News

Sports tournament devoted to the memory of Professor Pirmat Kupuev

Image

ОшМУнун Бизнес жана менеджмент факультетинде экономика илимдеринин доктору, профессор Пирмат Купуевдин элесине арналган  түштүк регионундагы университеттер аралык (экономика жана менеджмент багытында) эжекелер ортосундагы волейбол боюнча мелдеш өттү.

Мелдештин жыйынтыгында К.Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин командасы 1-орунду, ОшМУ командасы  2-орунду, Кыргыз-Өзбек университетинин командасы  3-орунду ээлешти.

Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, профессор Пирмат Купуев быйыл көзү тирүү болгондо 80 жылдык юбилейин белгилемек. Экономика багытында артынан өлбөс из калтырган окумуштуунун 150дөн ашуун илимий макалалары, эмгектери, 10 монографиясы жарык көргөн. Ошондой эле 5 экономика илиминин докторлорун, 30га жакын экономика илиминин кандидаттарына жетекчилик кылып, илимде жол көрсөткөн. Бизнес жана менежмент факультетинде профессор Пирмат Купуев атындагы илимий-изилдөө борбору бар.

Спорттук иш-чара Бизнес жана менеджмент факультетинин финансы жана банк иши кафедрасынын демилгеси менен өткөрүлдү.

Photogallery