ОшМУнун Жаштар кеңешинин төрагалык кызмат ордуна шайлоо өтөт

Main News

ОшМУнун Жаштар кеңешинин төрагалык кызмат ордуна шайлоо өтөт

Image

ОшМУнун студенттик өзүн-өзү башкаруу уюму болуп саналган Жаштар кеңешинин төрагалык кызмат ордуна шайлоо өтөт.

Жобого ылайык ОшМУнун Жаштар кеңешине төрагасы же төрайымы кызматына 20 жаштан 30 жашка чейинки ОшМУнун студенттери, окутуучулары, магистранттары, аспиранттары катыша алат жана 3 жылдык мөөнөткө шайланат.

ОшМУнун Жаштар кеңешинин төрагалык кызмат ордуна талапкерлерди каттоо ОшМУнун башкы корпусунун 121-кабинетинде жүрүп жатат. Талапкерлерди каттоонун акыркы убактысы 2022-жылдын 3-июнь күнү аяктайт.

Талапкерлер төмөнкү документтерди уюштуруу тобуна тапшыруусу зарыл:

1. Шайлоо өнөктүгүнө катышуусун билдирген арыз.

2. Резюме.

3. Өздүк портфолио.

ОшМУнун Жаштар кеңеши мамлекеттик жаштар саясатын өз компетенциясынын чегинде жүзөгө ашыруучу окуу жайдагы структуралык түзүм болуп эсептелет. Түзүм жаштардын нравалык, интеллектуалдык, маданий-эстетикалык жактан өнүгүүсүнө жана бийик патриоттук сезимде тарбиялануусуна өбөлгө түзөт.

 2020-2022-окуу жылында Жаштар кеңешин Бектурсун Орозали уулу жетектеп келди.