Студенттер үчүн мотивациялык жолугушуу уюштурулду

Main News

Студенттер үчүн мотивациялык жолугушуу уюштурулду

Image

ОшМУнун Математика жана информациялык технологиялар факультети  “Канча тил билсен-ошончо адамсын” деген аталыштагы студенттер үчүн мотивациялык жолугушуу уюштурду. Жолугушуунун коногу КРдин УИАнын корреспондент-мүчөсү, ф.-м.и.д,  профессор Гулбадан Матиева жана ф.-м.и.д,  профессор Адахимжан Сопуевдер болушту.  
Жолугушууга окуу жайдын студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова, Математика жана информациялык технологиялар факультетинин профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер катышты. 
Профессор Гулбадан Матиева “Эгерде сен өз эне тилиңди мыкты билсең, башка тилди да ошол деңгээлге жеткиресин. Эң алгач өз эне тилиңерди, каада-салт, үрп-адатыңарды билгиле, анан башка тилди үйрөнгүлө. Бир саат мурунку сен менен бир саат кийинки сенин айырмасы болуш керек. Дайыма умтулуп, жаңы билимдерди алгыла”, -деген кеңештерин айтып, студенттерди билимдүү, илимдүү, тарбиялуу болууга чакырды. Ал эми профессор Адахимжан Сопуев тил билүү бул ийгиликтин ачкычы экендигин белгиледи. Студенттер конокторго суроолорун узатып, жоопторду алышты. 
Жолугушуунун алкагында  "Жигер" чыгарамчылык жаштар борборунун сахналык көрүнүшү көрсөтүлүп, музыкалык чыгармалар жаңырды.  
Иш-чара факультеттин деканын эл аралык байланыштар боюнча орун басары Гулмира Шамшиева тарабынан демилгеленип уюштурулду.

Photogallery