Specialists of OshSU at West Saxon University

Main News

Specialists of OshSU at West Saxon University

Image

ОшМУнун Математика жана информациялык технологиялар факультетинин автоматташтырылган системалар жана санариптик технологиялар кафедрасынын башчысы Уларбек Молдояров, информациялык системалар жана программалоо кафедрасынын башчысы Айбек Токторбаев, колдонмо информатика жана  информациялык коопсуздук кафедрасынын башчысы Улукбек Эркебаев жана немис тили кафедрасынын улук окутуучусу Жумагул Сарыкбаева Германиядагы Цвиккау Батыш-Саксон колдонмо илимдер университетинде иш сапарда жүрүшөт.

Иш сапардын биринчи күнүндө окуу жайдын Медициналык информатика факультети менен байланышты жандандыруу багытында сүйлөштү. Саламаттык сактоодогу информатика, информациялык системалар жана технологиялар жана архитектурадагы колдонмо информатика профилдери үчүн биргелешкен билим берүү программаларын талкуулашты. Профессор Леоноре Хайланд жана факультеттин деканы профессор Анке Хебер  менен студенттер, окутуучулар ортосундагы академиялык мобилдүүлүк программалары, илимий сапарларды, тажрыйба алмашууларды, кесипти жогорулатуу курстарын, конок лекцияларды уюштуруу, тренингдерди өткөрүү сыяктуу кызматташуу багыттары боюнча пикир алышты.

 

Photogallery