ЖОЖдун быйылкы бүтүрүүчүлөрүнүн суранычтарын эске алуу менен кадрлар резервине конкурстук сынак уюштурулат

Main Announcements

ЖОЖдун быйылкы бүтүрүүчүлөрүнүн суранычтарын эске алуу менен кадрлар резервине конкурстук сынак уюштурулат

Урматтуу Ош мамлекеттик университетинин кадрлар резервине профессордук-окутуучулук кызмат орундарын ээлөө үчүн катышуучу талапкерлер!

Жогорку окуу жайларынын быйылкы бүтүрүүчүлөрүнүн суранычтарын эске алуу менен конкурстук сынак кошумча уюштурулуусу маалымдалат!

Кезектеги конкурстун I этабы (предметтик тест) 2023-жылдын 28-август күнү саат 10:00 дө ОшМУнун башкы имаратында өткөрүлөт.

Предметтик тесттен 70 упайдан жогору балл алгандар үчүн педагогика-психология боюнча II этаптагы сынак 2023-жылдын 30-август күнү саат 10:00 дө өткөрүлөт.

           ОшМУнун сайтына (oshsu.kg) кирип, кафедралар жана тесттик суроолор боюнча маалымат алсаңыздар болот.  

 

Кадрлар бөлүмүнүн башчысы:                              Г. Турдубаева