24-26-август күндөрү Тажикстандын Худжанд шаарында “Дүйнө жаштардын көзү менен” аттуу эл аралык тренинг өттү. Иш-чарага барган Борбор Азиядагы жаштардын катарында Ош мамлекеттик университетинин студенттери да болду.
Алардын бири Муслима Довурова. Ал буга чейин EcoPuzzle фонду жана Youth of Osh уюмунун колдоосу менен университетте экологиялык акция өткөрүп, желим бөтөлкөлөрдү чогултуу демилгесин ийгиликтүү уюштурган.
Иш-чара жаштардын медиасабаттуулугун арттыруу, фактчек көндүмдөрүн өркүндөтүү жана заманбап AI технологияларын колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн ачуу максатында уюштурулган. Тренинг Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жана Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча федералдык министрлигинин каржылык колдоосу менен “Борбордук Азияда туруктуу өнүгүү боюнча биргелешкен аракеттер” долбоорунун алкагында уюштурулду.