АКШнын элчиси ОшМУдагы спутниктен талдоо жана аралыктан зонддоо борборунда болду

Main News

АКШнын элчиси ОшМУдагы спутниктен талдоо жана аралыктан зонддоо борборунда болду

Image

Бүгүн, 6-сентябрда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери Ош мамлекеттик университетине келди. Ал окуу жайдын "Борбордук Азия спутниктен талдоо жана аралыктан зонддоо" борборунда болду.

Иш-чарага ректор Кудайберди Кожобеков баштаган жетекчилер, окумуштуулар, илимий кызматкерлер катышты.

Профессор Ысламидин Ташполотов “Өндүрүштүк калдыктардан критикалык элементтерди бөлүп алуу технологиясы” боюнча баяндама жасады. Бул багытта борбордун илимий мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу жолдору талкууланды. Ал эми профессор Эркин Мирмахмудов “Фергана өрөөнүндөгү аймактарда геодезия жана рельефти санариптик моделдөөдө маалыматтарын колдонуу” тууралуу илимий маалымат берди.

Бул жолугушуу АКШ менен Кыргызстан ортосундагы илимий-техникалык кызматташууну бекемдөө, Борбор Азия чөлкөмүндөгү актуалдуу маселелерди биргеликте изилдеп, келечектеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында уюштурулду. Жолугушуунун соңунда элчи университеттин жетекчилигине ыраазычылык билдирип, мындай илимий борборлор Борбор Азия аймагындагы санариптик өнүгүүгө чоң салым кошо аларын, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга америкалык компаниялар да кызыктар экендигин белгиледи.

Иш сапардын алкагында "Келечек муундун ХАБы" борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

"Борбордук Азия спутниктен талдоо жана аралыктан зонддоо" борбору университеттин "Келечек муундун ХАБы" борборунун базасында орун алган. Анда спутниктин негизинде маалыматтар чогултулуп, илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт. Учурда Америка, Жапония, Кытай, Корея жана Европа өлкөлөрүнүн 25тен ашуун белгилүү спутник агенттиктери менен кызматташуу жүрүүдө. Ошондой эле аталган жай дүйнөлүк борборлор менен чогуу илимий иш-чараларды алып барат.

 

 

Photogallery