Students of Osh State University study at the Eurasian National University

Main News

Students of Osh State University study at the Eurasian National University

Image

ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору  Замирбек Божонов,   Эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев Казакстандын Нур-Султан шаарында жайгашкан  Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетине академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча билим алууга аттанып жаткан студенттер менен жолугушту.

2021-2022-окуу жылында бир семестр окуп келүү үчүн Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетине Дүйнөлүк тилдер факультетинен – 8, Эл аралык мамилелер факультетинен – 8, Юридика факультетинен – 3, Чыгыш таануу жана тарых факультетинен – 2 студент жөнөтүп жатат.

 Жыйынга онлайн байланыш аркылуу Евразия улуттук университетинин академиялык мобилдүүлүк боюнча адиси Болат Жагалбаев да катышып, конок студенттерди күтүп жатышкандыгын, аларга бардык шарты бар жатаканадан акысыз орундар даярдалып коюлгандыгын, окуу процессин уюштуруу иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.  

ОшМУ менен Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети 2018-жылы эки тараптуу келишим түзүп, ошондон бери активдүү кызматташат.  ОшМУдан ар семестрде 30 жакын студент билим алып келишет.

Photogallery