Август айында Ош мамлекеттик университетинин Enactus командасы жаңы окуу жылына арналган Enactus Kyrgyzstan жайкы лагерине катышты.
Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы жогорку окуу жайларынан келген командалар чогулуп, тажрыйба алмашып, билимдерин жогорулатуу жана командалык ишти өнүктүрүү боюнча иш алып барышты.
Лагердин алкагында Enactus Kyrgyzstan уюмунун аткаруучу директору Алтынай Жумабекова, Enactus Kyrgyzstan директорлор кеңешинин мүчөсү, BNC Finance компаниясынын башкаруучу директору Арсланбек Кененбаев жана Coca-Cola Кыргызстан компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу, тренингдер өткөрүлдү. Мындан тышкары катышуучулар үчүн командалык оюндар, спорттук жана чыгармачылык иш-чаралар уюштурулду.
Лагердин алкагындагы маанилүү жолугушуулардын бири ОшМУнун Enactus командасынын Enactus Kyrgyzstan директорлор кеңеши менен жолугушуусу болду. Анда команданын Enactus World Cup 2026 дүйнөлүк кубогуна даярдыгы, алдыдагы презентациясы, долбоорлордун ишке ашырылышы жана уюштуруу иштеринин кийинки этаптары талкууланды.
Жолугушууга команданын капитаны, Тарых-юридика институтунун студенти Самира Матазимова, Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин студенттери Баяман Жолонов, Жанетта Сарбишева, Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун студенти Айкөкүл Исаева, академиялык эдвайзерлер Эрлан Камалов, Калыбек Мирлан уулу катышты.
Enactus Kyrgyzstan жайкы лагери ОшМУнун Enactus командасы үчүн жаңы окуу жылына жана Enactus World Cup 2026 дүйнөлүк кубогуна даярдык көрүүдөгү маанилүү иш-чаралардын бири болуп саналат.