ОшМУда социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелери талкууланды

Main News

ОшМУда социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелери талкууланды

Image

27-ноябрда ОшМУда жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү, иш берүүчүлөр менен кесиптик бирликтердин кызматташуусун күчөтүү маселелерине арналган семинар өттү.

Ага Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин кесиптик бирлик комитетинин өкүлдөрү, өлкөнүн жогорку окуу жайларынын кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары жана өкүлдөрү катышты. Семинарда билим берүү уюмдарындагы эмгек маселелерин жөнгө салууда министрлик, иш берүүчү, кесиптик бирликтин өз ара кызматташуусу талкууланды. Ошондой эле эмгек акы жана тарификация, кызматкерлердин социалдык кепилдиктери, эмгек мамилелерин санариптештирүү, жеке маалыматтарды коргоо жана жасалма интеллектти колдонуу маселелери каралды. 

Мындан тышкары жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринде социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү, эмгекти коргоо, коопсуз шарттарды түзүү, кесиптик бирликтердин иш берүүчүлөр менен кызматташуусунун практикалык жолдору боюнча баяндамалар жасалды. ОшМУнун Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Абсамат Саттаров «Эмгек акы, тарификация жана кызматкерлердин социалдык кепилдиктерин камсыз кылууда социалдык өнөктөштүктүн ролу» деген темада баяндама жасап, университеттин бул багыттагы тажрыйбасы менен бөлүштү. 

Катышуучулар суроо-жооп форматында пикир алышып, эмгек мамилелерин жакшыртуу, кызматкерлердин укуктарын коргоо жана кесиптик бирликтердин ишин натыйжалуу уюштуруу боюнча сунуштарын айтышты. Иш-чаранын соңунда семинардын катышуучуларына сертификаттар тапшырылды.

 

Photogallery