Медколлежде АИВ инфекциясынын алдын алуу боюнча иш-чара өттү

Main News

Медколлежде АИВ инфекциясынын алдын алуу боюнча иш-чара өттү

Image

ОшМУнун Медициналык коллежинде 1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата маалыматтык-профилактикалык иш-чара уюштурулду.

Ага Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттер жана АИВ инфекциясын көзөмөлдөө борборунун дарыгер-эпидемиологу Нурзина Шарабидин кызы, коллеждин окутуучулары, студенттер катышты. Адис студенттерге АИВ инфекциясынын жугуу жолдору, алдын алуу чаралары, өз убагында текшерилүүнүн маанилүүлүгү жана ден соолукка жоопкерчиликтүү мамиле кылуу тууралуу маалымат берди. Иш-чаранын алкагында студенттердин кан басымы жана дене салмагы өлчөнүп, АИВ инфекциясын аныктоо үчүн экспресс-тестирлөө жүргүзүлдү. 

Иш-чара жаштардын медициналык сабаттуулугун жогорулатууга, сергек жашоо образын жайылтууга, АИВ инфекциясынын алдын алууга, бул маселе боюнча коомдо туура түшүнүктү калыптандырууга багытталды.


 

Photogallery