Бүгүн, 28-ноябрда Бишкек шаарында өткөн «Жаратман Муун – 2026» форум-көргөзмөсүнүн алкагында өлкөнүн жогорку окуу жайларында билим алган мыкты студенттерге президенттик стипендиялар тапшырылды.
Алардын катарында Ош мамлекеттик университетинин төрт студенти бар. Стипендияга төмөнкү студенттер татыктуу болушту:
Данакер Зергербаева – Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институту;
Сыргагүл Абдрахманова – Экономика, бизнес жана менеджмент институту;
Каныкей Жалолова – Орус филологиясы факультети;
Самат Салимбек уулу – Тарых-юридика институту.
Стипендия ээлери окуудагы жетишкендиктери, илимий изилдөөлөрү жана коомдук иштерге активдүү катышуусу менен айырмаланган студенттердин арасынан тандалды.
Президенттик стипендия өлкөнүн жогорку окуу жайларында билим алып жаткан таланттуу, билимдүү жана жигердүү жаштарды колдоо максатында ыйгарылат. Ал студенттердин билим алууга болгон умтулуусун арттырып, илимий жана чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө дем берет.