Implementation of double degree programs continues at OshSU

Main News

Implementation of double degree programs continues at OshSU

Image

И.Я. Яковлев атындагы Чуваш мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Владимир Иванов жана илимий жана инновациялык иштер башкармалыгынын башчысы Александр Кириллов 28-майда иш сапары менен ОшМУга келди.

Делегация менен болгон жолугушууга ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, илимий иштер боюнча проректор Руслан Арапбаев, эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев, Математика жана информациялык технологиялар факультетинин деканы У.Сопуев, Орус филологиясы факультетинин деканын окуу иштери боюнча  орун басары Ы. Темиркулова, факультеттердеги кафедра башчылар жана программа жетекчилери катышты.

Жыйында буга чейинки ишке ашып келе жаткан кош дипломдуулук, биргелешкен билим берүү программалары, академиялык мобилдүүлүк, илимий, маданий, социалдык багыттагы кызматташтыктар боюнча сөз болду.

Эки окуу жайдын ректорлору дагы бир кош дипломдуулук программасына кол койду. Бул келишимге ылайык 2022-2023-окуу жылында Орус филологиясы факультетинде орус тили кошумча англис тили адистиги ачылат, кабыл алынган студенттер эки университеттен билим алып, эки окуу жайдын дипломдоруна ээ болушат.

Буга чейин 2021-2022-окуу жылында  Математика жана информацилык технологиялар факультетинде кош дипломдуулук программасы боюнча автоматташтырылган бизнес-процесс жана каржыны башкаруу адистиги  ачылып, студенттер кабыл алынган. Бул студенттер 1-2-курсту ОшМУда, 3-4-курсту Чуваш мамлекеттик педагогикалык университетинде улантышат. Окууну аяктаганда эки окуу жайдын диплому берилип, дипломдору эки өлкөдө таанылат. Келишимдик акылары жергиликтүү төлөмдөн 10 пайыз гана жогору болот.

Коноктор Математика жана информациялык технологиялар факультетинин  автоматташтырылган бизнес-процесс жана каржыны башкаруу адистигинин студенттери менен жолугуп, бир жыл аралыгында жасалган студенттердин иштери менен таанышты. Эки окуу жайдын билим берүү, илим жаатындагы иштеринде салым кошкон жетекчилерге, окуучуларга ыраазычылык каттарды тапшырды.

Мындан ары да окуу пландарын интеграциялоо, билим берүү программалары менен алмашуу иш-аракеттери улана бермекчи.

Photogallery